Жаңылыктар | 20.01.2022 | БШК Нарматованын мандатын кароодо
Описание
- Борбордук шайлоо комиссиясы "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын диплом маселесин кароодо. Буга чейин атайын кызмат кылмыш иш козгогон. Эгер диплому жараксыз деп табылса оппозиционер депутат мандаттан ажырайт.
- Алматыдагы башаламандык учурунда катуу сабалган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкекке атайын медициналык машина менен алынып келинди. Алдын ала маалыматка караганда, Казакстандын күч кызматкерлери аны эки буту, кабыргалары сынганча сабашкан.
- Кара-Балтада төрт кыз өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган окуя иликтене баштады. Мындай кадамга алар сауналарды жабуу талабы менен жарыяланган видеолордон кийин барганы айтылууда.
#БүгүнАзаттыкта #Нарматова #мандат
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus