Жогорку Кеңеш кумаркана мыйзамын талаш-тартыш менен кабыл алды
Описание
Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында Кыргызстанда чет өлкөлүктөр үчүн казинолордун иштөөсүнө уруксат берген мыйзам долбоорун колдоду. Бирок документтин кабыл алынышы талаш-тартыш менен коштолуп, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары добуш берүүдөн баш тартып, ага бөгөт койду. Жогорку Кеңештин регламентинде каттоодон өтүп, бирок депутаттар добуш бербей койгон учурда абалдан чыгуу жолу каралбагандыктан талаш чыкты. Регламентке ылайык, мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн каттоодон өткөн бардык депутаттар добуш бериши керек. Депутаттар тарабынан мындай учурда Конституция негиз болору айтылып, көпчүлүк добуш менен мыйзамды кабыл алуу сунушталды. Кененирээк макаладан окуңуз: https://www.azattyk.org/a/kumarkana-myyzamy-birooego-biznes-bashkaga-azap/31908440.html
_________________________________________
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/
Instagram - https://www.instagram.com/azattyk.kg/
https://www.instagram.com/azattykmedia/
Фейсбук - https://www.facebook.com/azattyk.org
https://www.facebook.com/azattyk
Ютуб - https://www.youtube.com/channel/UCs_xNajKMU60fbeIhcxStoA
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus